ГлавнаяИсполнителиZamanbapКыргыз Тил - Эне Тил
название:

Кыргыз Тил - Эне Тил


автор:

Zamanbap


рейтинг: ★★★★★ / 5.3 / 1305 просмотров
(Бул чыгарма меники, менин энекемдики,
Угармандыкы, сеники.
Бул чыгарма меники, менин энекемдики,
Угармандыкы, сеники, сеники)

Кооз жерде төрөлгөм деп ойлойм ар дайым. (ар дайым)
Төрт мезгил Мекенимде: күз, кыш, жаз, жайы. (жай)
Дайым элимдин алаканы жайык,
Жаратканым буйруса берет,
Баарыбызга нан чайын, (буйруса)
Мен ишенген адамдар бар алар мага ишенет, (оба)
Бир максатты көздөсөк бошонобуз кишенден. (чын)
Бийик учуп бүркүт сымал Алатоонун үстүндө,
Кыргызстаным муктаж салым кошкон ар бир кишиге.

Бул чыгарма меники, менин энекемдики,
Угармандыкы, сеники.
Бизге Кыргыз тил сабагын берген эжекеники.
Сөзү менин Мекенимдики, сөзү менин энекемдики,
Бул жашоонуку, сеники, (сеники)
Сага Кыргыз тил сабагын берген эжекеники. (эжекеники)
Сөзү кымбат Кыргыз элдики.

Элимдин жаны менен барабар жерге,
Илгери Ата Бабаларыбыз келген,
Улутум сүйлөсүн деп Эне тил берген,
Урпагы сактасын деп мээнетин арнаган.
Сөз байлыкты баалаган, күндөр өттү арадан.
Жер кургап, жамгыр төктү,
Дале Кыргыз деген бар адам. (эй)
Жашайт мейкин ааламда, мен да эркин баратам.

Бул чыгарма меники, менин энекемдики,
Угармандыкы, сеники.
Бизге Кыргыз тил сабагын берген эжекеники.
Сөзү менин Мекенимдики, сөзү менин энекемдики,
Бул жашоонуку, сеники, (сеники)
Сага Кыргыз тил сабагын берген эжекеники. (эжекеники)
Сөзү кымбат Кыргыз элдики.

Кыргыз тил, сенин тилиң, менин тилим,
Эне тилим, жашайт дайым,
Урпактарга берет билим. (эң туура)
Керек тилим, сүйлөгөнгө, маселени чечкенге.
Маектешип, түшүнүүгө, таарынычты кечкенге.
Кеч калба, эч алба, башка тилди биринчи орунга,(жок)
Эне тилиңди тиричилик орундат,
Эсиңдеби, Эне тилиң колуңда.
Сүйлөсө дейм Кыргызча Борборумда.

Бул чыгарма меники, менин энекемдики,
Угармандыкы, сеники.
Бизге Кыргыз тил сабагын берген эжекеники.
Сөзү менин Мекенимдики, сөзү менин энекемдики,
Бул жашоонуку, сеники, (сеники)
Сага Кыргыз тил сабагын берген эжекеники. (эжекеники)
Сөзү кымбат Кыргыз элдики.

(менин энекемдики,
Угармандыкы, сеники, сеники)

Послушать/Cкачать эту песню
Mp3 320kbps на стороннем сайте
А как ты думаешь, о чем песня "Кыргыз Тил - Эне Тил" ?
2010-2020 © WebKind.Ru Тексты песен