название:
автор:
"Кыргызстаным" 2012
автор:
Омар Жанышов
рейтинг: ★★★★★ / 4.9 / 919 просмотров
- Текст
- Открытка с текстом
Сөзү: К.Качкынбаева, Ж.Турсунбаевдики Обону: М.Ниязовдуку Тарыхы бар нечен, Ынтымагы дайым бекем. Ала-Тоо - бешигим, Башым ийип, таазим этем. Керемет аймагы, Желбиреп турсун байрагы. Булагың таш жарып, Булбулдай сайрагын. Кайырма: Кыргызстаным, Кыргызстаным! Билем мен, бир өзүңдө ырыс-бакыт, Өзүңсүз атпайт таңым. Кыргызстаным, Кыргызстаным! Керекпи? Бир өзүңө арнайм жаным, Аябай тамчы каным! Мекеним, медерим, Ыйыксың, аны сеземин. Түбөлүк сактайбыз, Түшүрбөй бийик желегиң. Баарыбыз бул тапта, Баркыңды сезбей турсак да. Кемитпей беребиз, Келечек урпакка. Кайырма: Менин алтын уям, Бакытымдай туям. Уча бер оболоп, Бардыгы оңолот!
А как ты думаешь, о чем песня ""Кыргызстаным" 2012" ?