название:
автор:
Мен дуйнону апам менен тааныгам
автор:
Тумонбай Колдошов
рейтинг: ★★★★★ / 5.3 / 1273 просмотра
- Текст
- Открытка с текстом
Мен дүйнөнү апам менен таанысам, Мен апамды көйнөгүнөн тааныгам. Тирүү болчу көйнөгүнүн гүлдөрү, Баскан сайын бажырайып ачылган. Мен дүйнөнү апам менен таанысам, Мен апамды жыты менен тааныгам. Жыттачу элем, магдыратып жытынан, Чыкпачы эле, чыкпачы эле жаныман. Мен дүйнөнү апам менен таанысам, Мен апамды колдорунан тааныгам. Жылуу болчу, жумшак болчу колдору, Кармашканда бала боюм балкыган. Мен дүйнөнү апам менен таанысам, Мен апамды жоолугунан тааныгам. Тирүү болчу жоолугунун гүлдөрү, Баскан сайын бажырайып ачылган! Мен дүйнөнү апам менен тааныгам, Мен апамды күлкүсүнөн тааныгам.
А как ты думаешь, о чем песня "Мен дуйнону апам менен тааныгам" ?