ГлавнаяИсполнителиУлан Осмон уулуШам жагалы (Келчи жаным шам жагалы)
название:

Шам жагалы (Келчи жаным шам жагалы)


автор:

Улан Осмон уулу


рейтинг: ★★★★★ / 4.8 / 777 просмотров
Келчи, жаным, шам жагалы үйүбүзгө толтура,
Көңүл ачып отуралы, кайгыргандын ордуна.
Келчи, жаным, шам жагалы, ширин сөздөн кеп кылып,
Ынтымакты, ырыскыны үйүбүзгө чакырып.

Түнү менен, таң атканча шам жагалы тажаганча,
Жылдыз калбай тараганча, булбул бакта сайраганча.
Жараткандан, Жараткандан бакыт-таалай сураганча,
Жараткандан, Жараткандан бакыт-таалай сураганча.

Келчи, жаным, отуралы, өткөн күндү эскерип,
Жаштык багына баралы, өзүбүздү жаш сезип.
Алгачкы ирет таанышкандай сурашалы ал-жайды,
Үйүбүзгө кирсин бакыт, чыгып кетсин муң-кайгы.

Түнү менен, таң атканча, шам жагалы тажаганча,
Жылдыз калбай тараганча, булбул бакта сайраганча.
Жараткандан, Жараткандан бакыт-таалай сураганча,
Жараткандан, Жараткандан бакыт-таалай сураганча.

Послушать/Cкачать эту песню
Mp3 320kbps на стороннем сайте
А как ты думаешь, о чем песня "Шам жагалы (Келчи жаным шам жагалы)" ?
2010-2020 © WebKind.Ru Тексты песен