название:
автор:
Сыйлай жур
автор:
Омар
рейтинг: ★★★★★ / 5.2 / 1173 просмотра
- Текст
- Открытка с текстом
Эки тал көрсөң кыйбай жүр, Элиңде жүрсөм сыйлай жүр. Элиңден узап мен кетсем, Эрмегим деп ырдай жүр. Кайырма: Жаштык жалын чагыңда, Ойноп-күлүп жалында. Тагдыр бөлсө арга жок, Тагдырлашым таарынба. Таарынба, таарынба, Көрүшкөнчө сагынба. Сагынба, сагынба, Кош бол эми, таарынба... Ак кайың көрсөң кыйбай жүр, Айылыңда жүрсөм сыйлай жүр. Айылыңдан узап сен кетсең, Алтыным деп ырдай жүр. Кайырма Жалгыз тал көрсөң кыйбай жүр, Жаныңда жүрсөм сыйлай жүр. Жаныңдан узап мен кетсем, Жалжалым деп ырдай жүр.
А как ты думаешь, о чем песня "Сыйлай жур" ?