ГлавнаяИсполнителиСаламат СадыковаЭсиндеби (кыргызская песня, кыргызча ыр)
название:

Эсиндеби (кыргызская песня, кыргызча ыр)


автор:

Саламат Садыкова


рейтинг: ★★★★★ / 4.9 / 859 просмотров
Карап турсам элесиңди сүрөттөн, 
Эске түшөт көлдүн жээги гүл өскөн.
 Эсиңдеби, кечиндеги сырдашуу, 
Сууруп чыгып таттуу сөздү жүрөктөн? Жүрөгүмдү сүйүү турса чыдатпай, 
Жүзүң жанат балбылдаган чырактай. Суктандырдың, суусаттырдың кайрадан, Эзелтеден бирге жүргөн ынактай. 
Сансыз жылдыз бизди гана карашып,
 Мени сенден, сени менден талашып. 
Көпкө жүрдүк, ойноп-күлдүк, жаркыдык, Кеткичекти аппак болуп таң атып.
 Бирок мезгил өткөн сайын нарылап, 
Тетир карап, буруласың ар убак. 
Азап тартып, арман күчөп жүрөгүм, 
Үмүт менен жүрөгүмдү дарылап

Послушать/Cкачать эту песню
Mp3 320kbps на стороннем сайте
А как ты думаешь, о чем песня "Эсиндеби (кыргызская песня, кыргызча ыр)" ?
2010-2020 © WebKind.Ru Тексты песен