ГлавнаяИсполнителиКыргызбай ОсмоновБаркымды билгендердин эсиндемин
название:

Баркымды билгендердин эсиндемин


автор:

Кыргызбай Осмонов


рейтинг: ★★★★★ / 4.9 / 948 просмотров
Толгонуп толкундаба, сезимдерим,
Тагдырга башымды ийген кезим менин.
Таалайсыз махабаттан өксүбөгөн,
Талантты сүйгөндөрдүн эсиндемин.

Буркурап боздой бербе, сезимдерим,
Базардан кайтып калган кезим менин.
Бааласын-баалабасын башка бирөө,
Баркымды билгендердин эсиндемин.

Кайгырып, капаланба, сезимдерим,
Карайлап жүдөп турган кезим менин.
Кааласын-каалабасын башка бирөө,
Кадырым билгендердин эсиндемин.

Сыйласын-сыйлабасын башка бирөө,
Ырымды билгендердин, 
Сырымды билгендердин эсиндемин
Баркымды билгендердин эсиндемин.

Послушать/Cкачать эту песню
Mp3 320kbps на стороннем сайте
А как ты думаешь, о чем песня "Баркымды билгендердин эсиндемин" ?
2010-2020 © WebKind.Ru Тексты песен