ГлавнаяИсполнителиИльяз АбдразаковБир озуно
название:

Бир озуно


автор:

Ильяз Абдразаков


рейтинг: ★★★★★ / 5.1 / 1080 просмотров
Сагындым сени, жаным, ардагым,
 "Сагынбаймын" деп өзүмдү алдаймын.
 Сагынып канча көргүм келсе да,
 Сага билгизбей санаа тартамын.

 Кайырма:
 "Сүйөмүн" деп айта албадым,
 Же артыңдан мен бара албадым.
 Жүрөк ыйлап, сыздап жүрсөм да,
 Бир өзүңө мен кайта албадым.

 Сен дагы мени сагындың бекен?
 Же мен жөнүндө унуттуң беле?
 Караңгы каптап сенсиз дүйнөмдү,
 Арманда сыздайт алсыз жүрөгүм.

 Кайырма:
 "Сүйөмүн" деп айта албадым,
 Же артыңдан мен бара албадым.
 Жүрөк ыйлап, сыздап жүрсөм да,
 Бир өзүңө мен кайта албадым.

Послушать/Cкачать эту песню
Mp3 320kbps на стороннем сайте
А как ты думаешь, о чем песня "Бир озуно" ?
2010-2020 © WebKind.Ru Тексты песен