название:
автор:
Жар жар (кыргызча)
автор:
Үмүт Бегалиева
рейтинг: ★★★★★ / 4.6 / 628 просмотров
- Текст
- Открытка с текстом
Кошулушуп эки жаш, Жуп болуптур жар-жар. Кубанышып эл-журту, Кут конуптур жар-жар. Толкуп келген мейманга, Той баштайбыз жар-жар. Болушунча аянбай, Бой таштайбыз жар-жар. Алтын ордо гүл бакча, Калалуу бол жар-жар. Артыңардан ээрчиген, Балалуу бол жар-жар. Ак элечек колго алып, Ыргап жүргүн жар-жар. Жакшы менен жаманды, Ылгап жүргүн жар-жар. Асманга учсун куш болуп, Ак тилегиң жар-жар. Ажырашпай бир жүрсүн, Ак билегиң жар-жар. Баскан жериң дайыма, Гүлдүү болсун жар-жар. Бүгүн курган жашооңор, Бүрдүү болсун жар-жар. Көлөкөлүү саябан, Бак болгула жар-жар. Мөмөлөрү ийилген, Шак болгула жар-жар. Кадыр көңүл табылбайт, Калыс болгун жар-жар. Ушак менен айыңдан, Алыс болгун жар-жар. Ырыс алды ынтымак, Билип жүргүн жар-жар. Ата-энеге башыңды, Ийип жүргүн жар-жар. Ак булуттан себилген, Кар болгула жар-жар. Дайым ушул жашоодо, Бар болгула жар-жар.
А как ты думаешь, о чем песня "Жар жар (кыргызча)" ?