название:
автор:
Кыздар, ай
автор:
Султан Садыралиев
рейтинг: ★★★★★ / 4.8 / 848 просмотров
- Текст
- Открытка с текстом
Көз менен карап азгырган, Көңүлдү дайым жаз кылган. Кызыктар кылат өзгөчө, Кылгыра тиктеп алдыртан. Тайманбай жашап турмуштан, Талашып көктү жылдыздан. Суйкайып таңдай чыгышта, Сулуулар чыгат кыргыздан. Кайырма: 2х Биздин Ала-Тоонун кыздары, ай, Биздин кыргыз элдин кыздары, ай. Сагынтар мени саргайтып, Сапарга кетсем алыстап. Жүзүңдү турар нур чайып, Жүрөктөр кокус табышса. Ала-Тоо башын кар чалып, Жатса да күтүп алыстан. Кыйындык башка түшкөндө, Кыздары чыкса намыска. Кайырма: 4х
А как ты думаешь, о чем песня "Кыздар, ай" ?