название:
автор:
Сулууга
автор:
Асанкалый Керимбаев
рейтинг: ★★★★★ / 5.1 / 1052 просмотра
- Текст
- Открытка с текстом
Сөзү : А.Осмоновдуку Обону : А.Керимбевдики Кош, жан эркем, кош дейсиң деп таарынба, Мени күтпө, мени эстеп, сагынба. Жаш кездердей ынак сүйүү жок экен, Отуз жаштын улам аркы жагында. Кош, сүйгөнүм, коштошордо жалынба, Сен жакшы элең мен сүйө элек чагыңда. Ак сүйүүдөн көңүл калуу көп экен Отуз жаштын улам аркы жагында. Сен бир кептер боз шумкарын түнөткөн, Унутулган учар замат түнөктөн. Сүйүү деген сүйүү эмес эринден, Сүйүү деген - от чачышуу жүрөктөн. Сен бир бакча мөмөлөрүң келишкен, Мен жүргүнчү ооз тийген жемиштен. Сүйүү деген сүйүү эмес бетиңден, Сүйүү деген - сүзүп өтүү деңизден.
А как ты думаешь, о чем песня "Сулууга" ?