название:
автор:
Нарындан жазган салам кат
автор:
Ордо Сахна
рейтинг: ★★★★★ / 5.3 / 1310 просмотров
- Текст
- Открытка с текстом
Сөзү : Ашыраалы Айталиевдики Обону : Ашыраалы Айталиевдики Жаш элек шайыр шаттанган, Алыска сапар аттанган. Кыймылдап поезд баратса, Кылгырып көздөн жаш тамган. Толкунун жиреп абанын, Учуна жетпей санаанын. Убара болуп кылчаптап, Артымды улам карадым. Караган менен көрүнбөйт, Капкайда калды карааның. Элестейт бирок сүйкүмдүү, Жароокер жалжал жамалың. Бир букет гүлдү сунаарда, Күйүттүү күнгө капталгам. Саламат эсен баргын деп, Узатып калдың вокзалдан. Жөнөдүм Нарын калаага, Ынагым сенсиң садага. Жүзүмдөй бышкан мөлтүрөп, Жүзүңдөн жаным садага. Ойлосом болот көңүл шат, Жолуксак деймин кайра бат. Театр ачып жатканда, Нарындан жазган салам кат.
А как ты думаешь, о чем песня "Нарындан жазган салам кат" ?