ГлавнаяИсполнителиКыз-БуракАндай жигит мырзасы эмес кыргызымдын
название:

Андай жигит мырзасы эмес кыргызымдын


автор:

Кыз-Бурак


рейтинг: ★★★★★ / 4.9 / 850 просмотров
Ат жалында шамалдай ойнобосо,
Ала-Тоого жүрөгүн толгобосо,
Ата Журттун эртеңин ойлобосо,
Андай жигит мырзасы эмес кыргызымдын.

Кылыч болуп душманга чабылбаса,
Сен дегенде селдей каптап агылбаса,
Жерин коргоп жарагын тагынбаса,
Андай жигит мырзасы эмес кыргызымдын.

Бабалардын салтына багынбаса,
Кырк чилтенге сыйынып жалынбаса,
Имерилип тоолорун сагынбаса,
Андай жигит мырзасы эмес кыргызымдын.

Калпак кийип башына эрденбесе,
Калк ишине билек түрүп шерденбесе,
Жети атасын сурасаң, "билбейм" десе,
Андай жигит мырзасы эмес кыргызымдын.

Кыздарынын намысын коргобосо,
Абийир үчүн чеп болуп орнобосо,
Энесинин көз жашын ойлобосо,
Андай жигит мырзасы эмес кыргызымдын.

Бири сымал көктө толгон жылдыздын,
Бири өңдүү сууда сүзгөн кундуздун,
Эл ичинде баш калкалап күн көрсө,
Андай жигит мырзасы эмес кыргызымдын.

Послушать/Cкачать эту песню
Mp3 320kbps на стороннем сайте
А как ты думаешь, о чем песня "Андай жигит мырзасы эмес кыргызымдын" ?
2010-2020 © WebKind.Ru Тексты песен