название:
автор:
Атын айтпайм бирөө бар
автор:
Роза Аманова
рейтинг: ★★★★★ / 5.2 / 1194 просмотра
- Текст
- Открытка с текстом
Күлгөн күлкүм, черткен күүлөр, ырларым, Жалгыз сага арналганын бил, жаным. Бакыттын бул мелт-калт толгон кесесин, Эч бөксөртпөй ээлеп тургун, жыргалым. Кайырма: Ээ-ээ-ээ-ээй, мен сага таарынгым келет, Мен сени сагынгым келет. Эки жүрөк бир жүрөктөй сезилген, Эс тандырган эстен кетпес көз ирмем. Эгиз жандай өткөрөлү, өткөрөлү өмүрдү, Энчиленип экөөбүзгө бир келген. Кайырма: Күлгөн күлкүм, черткен күүлөр, ырларым, Жалгыз сага арналганын бил, жаным. Бакыттын бул мелт-калт болгон кесесин, Эч бөксөртпөй ээлеп тургун, жыргалым.
А как ты думаешь, о чем песня "Атын айтпайм бирөө бар" ?