ГлавнаяИсполнителиРоза АмановаЭстей жур
название:

Эстей жур


автор:

Роза Аманова


рейтинг: ★★★★★ / 4.8 / 827 просмотров
Күндө эле көрүп түшүмдөн,
Күйүтүң тартып ичимден.
Көрүшпөй көп жыл өтсө да,
Күтүп бир жүргөн кишиң мен. 

Ар дайым көрүп түшүмдөн,
Азабың тартып ичимден.
Арадан көп жыл өтсө да,
Арзып бир күткөн кишиң мен.

Сай сагызган сайда жок,
Сан жылкы сансыз байда жок.
Санаалаш жарым алыста,
Сагынган менен айла жок.

Көк көгүчкөн сайда жок,
Көп жылкы сансыз байда жок.
Көңүлдөш жарым алыста,
Көп күткөн менен айла жок.

Жабыркап жапа чекпей жүр,
Жакшы бир жаман дешпей жүр.
Жанашып бирге өткөргөн,
Жаштыкты жаным эстей жүр.

Послушать/Cкачать эту песню
Mp3 320kbps на стороннем сайте
А как ты думаешь, о чем песня "Эстей жур" ?
2010-2020 © WebKind.Ru Тексты песен