ГлавнаяИсполнителиГульнур СатылгановаСуйуу кучу
название:

Суйуу кучу


автор:

Гульнур Сатылганова


рейтинг: ★★★★★ / 5.2 / 1152 просмотра
Кыйыры көрүнбөс кыйын жолдо,
Бактымды бербессиң алсыз колго.
Бал ширин өмүргө жетсем дейсиң,
Кыялың жетпеген күлүк ойго.
Ой кыял жетелеп учкан күндөрдү,
Жашоону айлантсак арзуу көлүнө.
Жаралап жүрөгүм кеткен болсо да,
Жагымдуу турбайбы биздин көңүлгө. 

Кайырма:

Көкүрөктөн чыккан жылуу сезим, 
Жан-дүйнөмдөн барып орун алса.
Башкаларга бергис махабатым, 
Жүрөгүмө барып конуп алса.

Тереңин көргөндө көздөрүңдүн, 
Күчүнө ишенбейм сөздөрүңдүн.
Болду эми башкага коё бербейм,
Мейли сен миң ирет өзгөрүлгүн.
Колумдан учурбайм бакыттын кушун,
Ичтеги сезимди айттырбай түшүн.
Мейли сен миң ирет өзгөрүлсөң да,
Мен сага далилдейм сүйүүмдүн күчүн. 

Кайырма:

Көкүрөктөн чыккан жылуу сезим, 
Жан-дүйнөмдөн барып орун алса.
Башкаларга бергис махабатым, 
Жүрөгүмө барып конуп алса.

Мейли сен миң ирет өзгөрүлcөң да.
Мен сага далилдейм сүйүүмдүн күчүн.

Кайырма:

Көкүрөктөн чыккан жылуу сезим, 
Жан-дүйнөмдөн барып орун алса.
Башкаларга бергис махабатым, 
Жүрөгүмө барып конуп алса

Послушать/Cкачать эту песню
Mp3 320kbps на стороннем сайте
А как ты думаешь, о чем песня "Суйуу кучу" ?
2010-2020 © WebKind.Ru Тексты песен