название:
автор:
Бейтааныш оштук кызга
автор:
Майрамбек Осмонов
рейтинг: ★★★★★ / 4.7 / 728 просмотров
- Текст
- Открытка с текстом
Айылыңа капыстан барып калдым, Көрөр замат көңүлгө жагып калдың. Ырдап жатсам гүл сунуп чыгып келдиң, Ошол бойдон каректе калып калдың. Кайырма: Кылыктанып кылчайып күлүп койдуң, Сүйөрүңдү көзүңдөн билип койдум. "Сезбей кетти сүйүүмдү" дебесин деп, Мен да сени жалт карап күлүп койдум. Ошол түнү уктабай ойгоо жаттым, Ооналактап тынымсыз ойго баттым. Көптөн бери жүрөгүм эңсеп жүргөн, Ак сүйүүмдү акыры Оштон таптым. Кайырма: Кыялымда дайыма жанымдасың, Өмүр бою издесем табылбасым. Ортобузда чын эле сүйүү болсо, Кадырыңа жетейин, карындашым. Кайырма:
А как ты думаешь, о чем песня "Бейтааныш оштук кызга" ?