название:
автор:
Бейпил болсун түнүңөр
автор:
Майрамбек Осмонов
рейтинг: ★★★★★ / 5.3 / 1272 просмотра
- Текст
- Открытка с текстом
Сөзү: А.Абжапаровдуку Обону: М.Осмоновдуку Күн нуру батып күүгүмдөп, Үйлөрдө чырак бүлбүлдөп. Уйларын сааган энелер, Дасторкон жаят күлүңдөп. Кайырма: Айылды каптап караңгы, Ай, жылдыз ээлеп ааламды. Тындырып барат түнкү убак, Түйшүгүн арткан заманды. Азайып элдин агымы, Карайып көчө жарыгы. Уйкуга чөгүп баратат Тынчы жок турмуш кайыгы. Кайырма: Эс алуу үчүн жаталы, Эске албай кайгы-капаны. Эсен-соо өтсүн түнүбүз, Жараткан берип батаны. Караңгы улам коюлап, Жатууга достор, болду убак. Түнүңөр бейпил болсун деп, Калалы биз да кол булгап.
А как ты думаешь, о чем песня "Бейпил болсун түнүңөр" ?