название:
автор:
Нарындан жазган салам кат
автор:
Бакыт Шатенов
рейтинг: ★★★★★ / 4.9 / 878 просмотров
- Текст
- Открытка с текстом
Жаш элек шайыр шаттанган, Алыска сапар аттанган. Кыймылдап поезд баратса, Кылгырып көздөн жаш тамган. Жөнөдүм Нарын калаага, Ынагым сенсиң садага. Жүзүмдөй бышкан мөлтүрөп, Жүзүңдөн жаным садага. Бир букет гүлдү сунаарда, Күйүттүү күнгө капталгам. Саламат баргын агай деп, Узатып калдың вокзалдан. Ойлосом болот көңүл шат, Жолуксак деймин кайра бат. Театр ачып жатканда, Нарындан жазган салам кат.
А как ты думаешь, о чем песня "Нарындан жазган салам кат" ?