название:
автор:
Ырымдын сырлары
автор:
Таалай Бектурганов
рейтинг: ★★★★★ / 5.1 / 1068 просмотров
- Текст
- Открытка с текстом
Кыялбай бир өзүңдү, Алоолоп оттой жандым. Сагынба, баарын унут, Алтының болбой калдым. Кайырма: Канчалык күттүм күндө, Өрт болуп отко күйбө. Мени эми кызыктырбайт, Сен мени сүйгүн, сүйбө. Мен сени сагынбаймын, Сага арнап ыр жазбаймын. Сени ойлоп мен ар дайым, Өзүмдү кыйнабаймын Кайырма: Токтобой, тып-тып тамат, Көзүмөн жаштар улам. Акыркы коштошоордо, Мен сени кыйбай турам. Кайырма: Биз дагы жолугабыз, А бирок сендик болбойм. Жанымда жүрсөң дагы, Жүрөгүм муздак бойдон Кайырма:
А как ты думаешь, о чем песня "Ырымдын сырлары" ?