название:
автор:
Өмүр
автор:
Токтогул Сатылганов
рейтинг: ★★★★★ / 5.1 / 1080 просмотров
- Текст
- Открытка с текстом
Ат арыбас болсочу, Жаш карыбас болсочу, Жаратканы чын болсо, Жай-жайына койсочу. Кызыл оңбос болсочу, Кыз бурулбас болсочу, Көгөргөнү чын болсо, Гүлдөр соолбос болсочу. Чөп куурабас болсочу, Көз тунарбас болсочу. Кызыл жүзү бозоруп, Кыз кубарбас болсочу. Жибек оңбос болсочу, Жигит өлбөс болсочу, Жигит менен кыз өлсө, Жерге көмбөс болсочу. Кайран өмүр жыйырма беш, Жашка барар болсочу, Кайран жанды кол менен Жасап алар болсочу. Өзөнгө элим толсочу, Өмүр өтпөс болсочу. Жашка ажал келбес болсочу, Жакшы адам өлбөс болсочу.
А как ты думаешь, о чем песня "Өмүр" ?