название:
автор:
Сезе бил
автор:
Дуэт Non Stop
рейтинг: ★★★★★ / 5.2 / 1249 просмотров
- Текст
- Открытка с текстом
Зымырап, зымырап мезгилиң токтобой, Кубулат, кубулат өткөндү жоктобой. Жаркытып жер бетин, чачып кал берметиң. Ай-жылдызга алмашылбас жаркын Ар бир күнүң баа жетпеген алтын, Учурунда сезе билгин баркын ар дайым. Ай-жылдар – аккан дайра, Кайрылбас артка кайра. Жадырап күлүп-жайна, Жакшыга үмүт байла. Эң бийик асман Айга Жетесиң тапсаң айла, Максатыңдан тайба! Кинодой көркөм тасма, Күнүгө дүйнө башка. Эскиче ойду таштап, Жаңыча жашай башта. Өтүнөм: үнсүз турба, Өмүрдү бөлөп нурга, Ырда, жүрөк, ырда! Үмүт үзүлбөсүн, Бекем бололу, Башты оболу Көтөргүн жогору. Кабак түйүлбөсүн, Күлгүн кезиңде Сүйүүнү уюткун сезимге. Ай-жылдар – аккан дайра, Кайрылбас артка кайра. Жадырап күлүп-жайна, Жакшыга үмүт байла. Эң бийик асман Айга Жетесиң тапсаң айла, Максатыңдан тайба! Зымырап, зымырап мезгилиң токтобой...
А как ты думаешь, о чем песня "Сезе бил" ?