ГлавнаяИсполнителиГульнур СатылгановаЖолукпай калсам эгер
название:

Жолукпай калсам эгер


автор:

Гульнур Сатылганова


рейтинг: ★★★★★ / 5.4 / 1414 просмотров
Жолукпай калсаң эгер, 
Сендейди табар белем?
Жан дүйнөм толот беле?
Өзүмө суроо берем.
Кезикпей калсаң эгер, 
Бактымды табар белем?
Жомогуң болбойт эле,
Дегенде муздайт денем.

Эң таттуу күндөр өткөн,
Көл жээкте бирге болгом.
Сыйкырын сезет белем,
Жолукпай калган болсом?
Жаркыган айлуу түндө,
Таңдардын аппак аткан.
Сырын ким мага ачмак,
Калсаң сен жолукпастан?

Ырларым сага арнаган,
Каз туруп басат беле?
Сырларым ичке каткан,
Мен кимге айтар элем?
Тагдырга ыраазымын,
Өзүңө жолуктурган.
Өмүргө азык болгон,
Сезимге толуп турам.

Послушать/Cкачать эту песню
Mp3 320kbps на стороннем сайте
А как ты думаешь, о чем песня "Жолукпай калсам эгер" ?
2010-2020 © WebKind.Ru Тексты песен