ГлавнаяИсполнителиНазгуль Токтакунова"Кусалык"
название:

"Кусалык"


автор:

Назгуль Токтакунова


рейтинг: ★★★★★ / 4.9 / 892 просмотра
Жүрөктү ээлеп, эстен кетпей,
Канатым күүлөп, келем жетпей, көз ирмемде.
Сезимди ээлеп, бирок сезбей,
Кыялымда жашайсың дале.

Кайырма:
Сага деп жетпей келип,
Сагынып эстей берип,
Жан ыргагым, зарыгамын.
Сезимим жүрөк эзип,
Сени издеп дүйнө кезип,
Издеп келем, мен издей берем.
Күндөрүм жылга айланып,
Убакыт жылбай калып,
Сагынып, сагынып, сагынып.
Кусалык кыйнап жанды,
Жалыным музга айланды.

Таң атат түркүн ойлор келип,
Уктабай сени ойлой берип, көз ирмебей.
Акылды азыр жүрөк жеңип,
Сезимиме баш ийип берип.

Кайырма:

Күндөрүм жылга айланып,
Убакыт жылбай калып.
Кусалык кыйнап жанды,
Жалыным музга айланды.

Послушать/Cкачать эту песню
Mp3 320kbps на стороннем сайте
А как ты думаешь, о чем песня ""Кусалык"" ?
2010-2020 © WebKind.Ru Тексты песен