ГлавнаяИсполнителиНеизвестенАлгач ирет көргөндө жаңы
название:

Алгач ирет көргөндө жаңы


автор:

Неизвестен


рейтинг: ★★★★★ / 5.3 / 1317 просмотров
Алгач ирет көргөндө жаңы,
 Аба жетпей араң эптей жүрөк балкыды.
 Балапандай бакыт алкышы,
 Мен жаралган дүйнө менен кошо жаралды.
 Жаратканга жалынам күндө,
 Өмүр жолуң узун болсун,
 Толкуп төгүлө.
 Ар бир кылган кылыгың күлө,
 Колдоп келет, коштоп берет,
 Менин демими.

 Кайырма:
 Айланам, сага байланам,
 Менин жүрөгүм, өмүр тирегим.
 Сага кагылам, кайра жалынам,
 Жашыл бүчүрүм, жаным, каным.
 Бултук күчүгүм, 
 Күлгөнүм, өмүр мүрөгү,
 Сенин жүргөнүң таалай түнөгү.
 Асел шириним, жанар билигим,
 Үмүт шарабым,
 Менин асыл кагар канатым.

 Сен жаралып, дүйнө агарып,
 Үзүлбөгөн үмүттөрүм кайра жанданып.
 Эми калган эмгегим жанат.
 Элим, энем, бүлөм,
 Сага баары арналып.
 Ар бир жуткан эне ак сүтү,
 Аалам менен аралашып, ыйман талашып.
 Асыл оюң, адал эмгегиң,
 Кыргызымдын кымбаты болсо.

 Кайырма:

Послушать/Cкачать эту песню
Mp3 320kbps на стороннем сайте
А как ты думаешь, о чем песня "Алгач ирет көргөндө жаңы" ?
2010-2020 © WebKind.Ru Тексты песен