название:
автор:
Атам менен Энеме
автор:
Ж.Кайыпов
рейтинг: ★★★★★ / 5.4 / 1368 просмотров
- Текст
- Открытка с текстом
Жүрөсүңөр жашап-иштеп алыста, Чолоо тийбейт ай өткөрбөй барышка. Ак эмгекти актайын деп уулуңар, Билим үчүн түшкөн узак жарышка. Ойлоорсуңар санаа тартып, камыгып, Садагалап, караанымдан кагылып. Силер мени самагандай жол карап, Мен да жүрөм өзүңөрдү сагынып. Силер анда, мен күнчүлүк алысмын, Заманамдан калбай келет жарышкым. Алпештеген энем менен атакем, Экөөңөргө өмүр бою карызмын.
А как ты думаешь, о чем песня "Атам менен Энеме" ?