название:
автор:
Көлөкөлөп көңүл ачарым
автор:
Неизвестен
рейтинг: ★★★★★ / 5.5 / 1494 просмотра
- Текст
- Открытка с текстом
Көлөкөлөп көңүл ачарым, Берекелеп жарпым жазарым. Бал татыган балдыр тили бар, Балам бактым, балам мазарым Алдей ай, бөпөм ай, Балам бактым, балам мазарым Катылган сыр, ойду ачарым, Каткырыгың көңүл ачарым. Картайганда арка-бел болор, Кагылайын, орун басарым. Алдей ай, бөпөм ай, Кагылайын, орун басарым Көңүл төтө кылган медерим, Көзүмдөгү эки карегим, Канттан таттуу, гүлдөн жыты артык, Кандан чыккан, асыл данегим. Алдей ай, бөпөм ай, Кандан чыккан, асыл данегим.
А как ты думаешь, о чем песня "Көлөкөлөп көңүл ачарым" ?