название:
автор:
Ата-эне
автор:
Аяна Касымова, Айым Айылчиева
рейтинг: ★★★★★ / 4.7 / 734 просмотра
- Текст
- Открытка с текстом
Сөзү : Т. Кожомбердиевдики Обону : Ж. Кайыповдуку Жүрөсүңөр жашап-иштеп алыста, Чоло тийбейт ай өткөрбөй барышка. Ак эмгекти актайын деп уулуңар, Билим үчүн түшкөн узак жарышка. Ойлоорсуңар санаа тартып, камыгып, Садагалап, караанымдан кагылып. Силер мени самагандай жол карап, Мен да жүрөм өзүңөрдү сагынып. Силер анда, мен күнчүлүк алысмын, Заманамдан калбай келет жарышкым. Алпештеген энем менен атакем, Экөөңөргө өмүр бою карызмын.
А как ты думаешь, о чем песня "Ата-эне" ?