ГлавнаяИсполнителиНеизвестенУрмат Усенов - Менин асыл жерим
название:

Урмат Усенов - Менин асыл жерим


автор:

Неизвестен


рейтинг: ★★★★★ / 4.9 / 864 просмотра
Урмат Усенов - Менин асыл жерим

Көз ачып алгач, жуткам демиңди,
Көкүрөк толуп.
Түбөлүк танбас, туткам дилиңди,
Үмүтүң болуп.
Кадам шилтеп элдин жүгүн артынып,
Мен аптыгып.
Жылдар жылып, максат угам артылып,
Мен талпынып.

Кайырма:
Канымдан азык кылып берем Мекеним!
Каруудан казык кылып келем Эл-Жерим!
Койнунда Ала-Тоонун бактым сеземин,
Улуу элим!!!
Дүйнөнү бүтүн берсин, сага теңебейм,
Мекеним мээрим төгөт мага энедей,
Эмгегим арнай берем сага ченебей,
Менин жерим!!!

Тарыхта калган, же жети балбан,
Жоодон жалтанбай.
Жылдыздай жанган, кыздары таңдан,
Супа салгандай.
Кең пейил эл берекеси агылган,
Ыр жаңырган.
Артык көрөм ал элимди баарынан,
Мен жанымдан.

Кайырма

Кайырма

Керек болсо берем сага жанымды.

Послушать/Cкачать эту песню
Mp3 320kbps на стороннем сайте
А как ты думаешь, о чем песня "Урмат Усенов - Менин асыл жерим" ?
2010-2020 © WebKind.Ru Тексты песен