ГлавнаяИсполнителиНурлан Насип, Сайкал Садыбакасова "Бакыт издедик"Бакыт издедик
название:

Бакыт издедик


автор:

Нурлан Насип, Сайкал Садыбакасова "Бакыт издедик"


рейтинг: ★★★★★ / 5.3 / 1345 просмотров
Бул өмүрдө ак сүйүү бир келет,
Ар жүрөккө бирден түгөй берет.
Ишене бергин жалган жашоодо,
Өзүңдү сүйгөн сезим өзгөрбөйт.

Билемин, жаным, ишениш керек,
Мындай сезимди жүрөк сезе элек.
Кыялдарымды өзүңө арнайм,
Жакшы тилектер кепилдик берет.

Кайырма:
Сен, мен, бакыт издедик,
Тандап кимди сүйбөдүк?
Бакыт дайыма жанаша,
Жүрсө неге сезбедик?

Махабатыбыз ынтымак берсин,
Бакыттын даамын жүрөктөр сезсин.
Сүйүүнүн күчү күн өткөн сайын,
Салкындап кетпей, эселеп өссүн.

Жан шерик издеп, ак сүйүү таптым,
Көп жигиттерден бир өзүң жактың.
Түбөлүк сүйөм, сага сөз берем,
Жөлөгүм сенсиң, таалайым, бактым.

Кайырма:

Послушать/Cкачать эту песню
Mp3 320kbps на стороннем сайте
А как ты думаешь, о чем песня "Бакыт издедик" ?
2010-2020 © WebKind.Ru Тексты песен