ГлавнаяИсполнителиНеизвестенКөрүшкөнчө көздөр тике карабай
название:

Көрүшкөнчө көздөр тике карабай


автор:

Неизвестен


рейтинг: ★★★★★ / 5.4 / 1378 просмотров
Көрүшкөнчө көздөр тике карабай,
Эки мүнөз уяң өскөн баладай.
Жүрөк сырын жүзүбүздөн байкашып,
Баратабыз гүлдүү бакты аралай.

Ошол күнү таанышканбыз жаңыдан,
Жарым карыш чыккым келбейт жаныңдан.
Аппагыңды көрүп алчы дегенсип,
Ал аңгыча жарк дей түштү чагылган.

Басылганча туралы деп кичине,
Баш катабыз бир күрмөнүн ичинде.
Дал ошентип ошол күндү өткөрдүк,
Неге мынча сүйүү кымбат кишиге?

Жарк дегенде неге мени карадың?
Дал ошондо жайнай түштү жамалың.
Дагы, дагы жарк дей түшсө экен деп,
Ошондо мен чагылганды самадым.

Послушать/Cкачать эту песню
Mp3 320kbps на стороннем сайте
А как ты думаешь, о чем песня "Көрүшкөнчө көздөр тике карабай" ?
2010-2020 © WebKind.Ru Тексты песен