ГлавнаяИсполнителиГүлнур Сатылганова & АйарСүйүү күчү
название:

Сүйүү күчү


автор:

Гүлнур Сатылганова & Айар


рейтинг: ★★★★★ / 5 / 984 просмотра
Кыйыры көрүнбөс кыйын жолдо,
Бактыңды бербессиң алсыз колго.
Бал ширин өмүрдө жетсем дейсиң,
Кыялың жетпеген күлүк ойго.
Ой-кыял жетелеп учкан күндөргө,
Жашоону айлантса арзуу көлүнө.
Жаралап жүрөгүң кеткен болсо да,
Жагымдуу турбайбы биздин көңүлгө. 

Кайырма:

Көкүрөктөн чыккан жылуу сезим, 
Жан дүйнөңдөн барып орун алса.
Башкаларга бергис махабатым, 
Жүрөгүңө барып конуп алса.

Тереңин көргөндө көздөрүңдүн, 
Күчүнө ишендим сөздөрүңдүн.
Болду эми башкага коё бербейм,
Мейли сен миң ирет өзгөрүлгүн.
Колумдан учурбайм бакыттын кушун,
Ичтеги сезимди айттырбай түшүн.
Мейли сен миң ирет өзгөрүлсөң да,
Мен сага далилдейм сүйүүмдүн күчүн. 

Кайырма:

Көкүрөктөн чыккан жылуу сезим, 
Жан дүйнөңдөн барып орун алса.
Башкаларга бергис махабатым, 
Жүрөгүңө барып конуп алса.

Мейли сен миң ирет өзгөрүлcөң да,
Мен сага далилдейм сүйүүмдүн күчүн.

Кайырма:

Көкүрөктөн чыккан жылуу сезим, 
Жан дүйнөңдөн барып орун алса.
Башкаларга бергис махабатым, 
Жүрөгүңө барып конуп алса.

Послушать/Cкачать эту песню
Mp3 320kbps на стороннем сайте
А как ты думаешь, о чем песня "Сүйүү күчү" ?
2010-2020 © WebKind.Ru Тексты песен