ГлавнаяИсполнителиНон стопЖалгыз сен
название:

Жалгыз сен


автор:

Нон стоп


рейтинг: ★★★★★ / 4.9 / 859 просмотров
Ай, асманда алтын ай,
Нур чачып жаркырайт,
Ойго салып мени.
Ай, жылдыздарды санайм,
Кыялданып карайм,
Издеп келем сени.

Ай, ай, айдай сулуу,
Жүрөгүм жалгыз сага сундум,
Махабатым оттой жалындай.
Ай, ай, айдын нуру,
Окшоп мага кайгы муңдуу,
Айга окшоп мен да жалгызсырайм.

Кайырма:

Жаным, сени күтүп, сени сүйүп,
Сен деп мен жашайм.
Арзуумду кабыл алчы жаным, танбай,
Жалгызым, сен үчүн баардык күчүм,
Баардык максатым.
Сен жок жалгызмын, мен асманда айдай...

Ай, жылдар өтүп барат,
Ырга толуп барак,
Сүйүүгө арналган.
Ай, балким сен да ыйлай,
Махабатты кыйбай,
Жашайсың арманда.

Ай, ай, айдай сулуу,
Жүрөгүм жалгыз сага сундум,
Махабатым оттой жалындай.
Ай, ай, айдын нуру,
Окшоп мага кайгы муңдуу,
Айга окшоп мен да жалгызсырайм.

Послушать/Cкачать эту песню
Mp3 320kbps на стороннем сайте
А как ты думаешь, о чем песня "Жалгыз сен" ?
2010-2020 © WebKind.Ru Тексты песен