название:
автор:
Кош канат
автор:
Иса Омуркулов
рейтинг: ★★★★★ / 5.2 / 1153 просмотра
- Текст
- Открытка с текстом
Кара көзүң жагылса шамдай, Кантип сага коёмун барбай? Сүйгөн үчүн, дүйнөм бүтүн керемет кандай. Кол кармашып, бактыга барбыз, Куушкан аттай кагылган жанбыз, Батып муңга, кантип мурда жашадык жалгыз? Кайырма: Эркелеп ак булуттан неге жаш тамат? Эки жүрөк табышканда жаз башталат. Бийик учат махабат кушка айланып, Биз экөөбүз - кош канат. Сагынычтан качамын кайда? Сага карай шашамын кайра. Сүйбөгөнгө, күйбөгөнгө, Барбы экен айла? Жамгыр жааса койбогум келбейт, Жалындаган жан барбы мендей? Кара мына, карааныңа толкудум көлдөй. Кайырма
А как ты думаешь, о чем песня "Кош канат" ?