ГлавнаяИсполнителиНеизвестенЖамалы белең берметтин
название:

Жамалы белең берметтин


автор:

Неизвестен


рейтинг: ★★★★★ / 5.4 / 1394 просмотра
Жамалы белең берметтин,
Жабыркап жүрөк дегдеттим.
Кароосуз калган кайыктай,
Кайыр кош, жаным, сен кеттиң.

Кайырма:
Карап, карап
Кайрадан сени самап,
Күттүм (4 жолу).
Жалжалым,
Жалгыздыктан тажап бүттүм. (4 жолу)

Көпөлөк гүлгө коно албай,
Көңүлүм сыздап толо албай.
Серпилип жүрөк кыйналды,
Сендейлер сендей боло албай.

Кайырма.

Кош дегим келбейт, кош дегим,
Козгобо, бөлөк жок кебим. 
Кайгырсам жалгыз, аргам жок, 
Кош дешер жарым жок менин.

Кайырма.

Послушать/Cкачать эту песню
Mp3 320kbps на стороннем сайте
А как ты думаешь, о чем песня "Жамалы белең берметтин" ?
2010-2020 © WebKind.Ru Тексты песен