ГлавнаяИсполнителиОмар ЖанышовКусалуу жол
название:

Кусалуу жол


автор:

Омар Жанышов


рейтинг: ★★★★★ / 4.6 / 638 просмотров
Арманга жүрөк толгондо,
Аябай куса болгондо.
Алсырап чыгып басамын,
Ай нурун төккөн жолдордо.

Кайырма:
Убайга батпа сагынба,
Умсунуп ыйга багынба.
Мен турган болом бир гана,
Сен баскан жолдун баарында.

Күтүүгө жүрөк толгондо,
Күйүтүм муздап тоңгондо.
Жапжалгыз чыгып басамын,
Жалбырак жааган жолдордо.

Кайырма

Коштошуу деген оңойбу,
Козгогон муңдуу обонду.
Кар тосуп калды бекен деп,
Карадым күндө тоолорду.

Кайырма

Послушать/Cкачать эту песню
Mp3 320kbps на стороннем сайте
А как ты думаешь, о чем песня "Кусалуу жол" ?
2010-2020 © WebKind.Ru Тексты песен