ГлавнаяИсполнителиСултан СадыралиевСүйүү тамчысы
название:

Сүйүү тамчысы


автор:

Султан Садыралиев


рейтинг: ★★★★★ / 5 / 977 просмотров
Сөзү: К.Качкынбаеваныкы   
Обону: И.Абдыразаковдуку

Тагдырыма таарынамын,
Таба албастан ага айла багынамын.
Асыл эркем, сагынамын,
Айтчы, кайсы кадамымдан жаңылганмын?
Адилетсиз ак сүйүүнүн арман кайгысы. 

Кайырма: 

А балким, бул тагдырымдын тайкысы,
Анан кантем сенде жүрөк ачкычы?
Болдум эми махабаттын жарчысы,
Сүйүү тамчысы...

Билесиң бул арманымды,
Жалгыз гана ырга айланып калганымды.
Ойлоп, ойлоп мен, сүйгөнүм,
Өзүмдү өзүм сооротконду эми үйрөндүм.
Адилетсиз ак сүйүүнүн арман кайгысы.

Кайырма:

А балким, бул тагдырымдын тайкысы,
Анан кантем сенде жүрөк ачкычы?
Болдум эми махабаттын жарчысы,
Сүйүү тамчысы...

Послушать/Cкачать эту песню
Mp3 320kbps на стороннем сайте
А как ты думаешь, о чем песня "Сүйүү тамчысы" ?
2010-2020 © WebKind.Ru Тексты песен