ГлавнаяИсполнителиАзат БолотбекЖыргалым
название:

Жыргалым


автор:

Азат Болотбек


рейтинг: ★★★★★ / 4.9 / 851 просмотр
Айтып сага сырларым, 
Арнадым көп ырларым.
Татынакай назым, өмүрдөгү жазым,
Жашоодогу жыргалым.
Жаштык кездин жылдарын,
Бир көрөлү, жыргалым.
Татынакай назым, өмүрдөгү жазым,
Жашоодогу жыргалым.

Кайырма:

Жаштык өтөт, жылдар билинбей,
Байлык кетет колдун кириндей.
Өмүр кыска, өтүп кетпесин,
Жаздын назик гүлүндөй.

Кайырма:

Бирге чертип жүрөк кылдарын,
Бир көрөлү мезгил жыргалын.
Өзүң менен өтсүн өмүрүм,
Өзүң болуп жашоо жыргалым.

Бир көрүнбөй жылганың,
Суктандырган кыйланы.
Татынакай назым, өмүрдөгү жазым,
Жашоодогу жыргалым.
Жандай сүйүп, сыйлаарым,
Жыпар жыттуу гүл багым.
Татынакай назым, өмүрдөгү жазым,
Жашоодогу жыргалым.

Послушать/Cкачать эту песню
Mp3 320kbps на стороннем сайте
А как ты думаешь, о чем песня "Жыргалым" ?
2010-2020 © WebKind.Ru Тексты песен