ГлавнаяИсполнителиРоза АмановаУбактыңды аядыңбы
название:

Убактыңды аядыңбы


автор:

Роза Аманова


рейтинг: ★★★★★ / 5 / 961 просмотр
Жанр:Фольклор

Жазгы гүлдөй жайнаган жамалынды,
Бир көрбөстөн арманда каламынбы?
Жолугууга бир келсең эмне болмок,
Убактыңды ушунча аядыңбы?

Ишенемин, экөөбүз кездешербиз,
Кез келгенде, ал күндөрдү эстешербиз.
Ара жолдо калбайын ыйламсырап,
Суранаарым, башкага кетпесеңиз.

Билсең деле жөнөйт деп кабарымды,
Узатаарда көрбөдүм карааныңды.
Жолугууга бир келсең эмне болмок,
Ушул бойдон көрүшпөй калабызбы?

Послушать/Cкачать эту песню
Mp3 320kbps на стороннем сайте
А как ты думаешь, о чем песня "Убактыңды аядыңбы" ?
2010-2020 © WebKind.Ru Тексты песен