название:
автор:
Кыргызымдын сулуусу
автор:
Айдин Шер
рейтинг: ★★★★★ / 5.2 / 1219 просмотров
- Текст
- Открытка с текстом
Маралдай басканы багынткан асканы, Баш ийип беребиз байкабай башканы. Бар жашоо болуп сезилет, бакытың болуп кезигет. Жарык нур болуп себилет, Жан дүйнөң ага берилет. Жашоо берген керемет. Кайырма Жигит конулун жибитет, Жибектей узун чачы. Жетсем деп жүрөк эргитет, Жебедей болгон кашы. Кериле басса жарашкан, Келбети мүчө-бою. Кылчайып баары карашкан, Кыздарда болуп ою. Күлкүсү булактай, көздөрү чырактай, Көнүшүп алабыз, көнүлдөр ынактай. Жаралган таңдын желинен, Жан экен өзү керилген. Жарадар болдум эми мен, Табамын кыргыз элимен. Сулуулар чыккан элимен. Кыздардын кылыгына, Кызыккан кылым мурда. Кыргыздын сулуулары, Жашасын кылымдарга.
А как ты думаешь, о чем песня "Кыргызымдын сулуусу" ?