ГлавнаяИсполнителиКаныкейЗаман
название:

Заман


автор:

Каныкей


рейтинг: ★★★★★ / 4.7 / 681 просмотр
Ар бир күндүн аткан таңы,
Турмуштун сага ызгаары.
Жарты нанга жан сатылган,
Зар жашоонун сен баласы.

Ыркырашып аш талашып
Күндөрүң өттү,
Иттердин жанында.
Эне сүтү ооздон кетпей,
Жетим калдың сен талаада.

Жалгыз жаның,
Жат турмушта -
Жашайсың сен – ырайымсыз.
Жан кейитип,
Көз жаш кетип,
Денеңди саттын тыйынга.

О турмуш,
Неге ач талаага,
Калтырдың жалгыз,
Жалгыз балаңды?
Кээ бирөөнө зар болгон бала,
Бирөөлөргө - кор бала.

Послушать/Cкачать эту песню
Mp3 320kbps на стороннем сайте
А как ты думаешь, о чем песня "Заман" ?
2010-2020 © WebKind.Ru Тексты песен