ГлавнаяИсполнителиКубаныч СатаевАясаң боло, жыргалым
название:

Аясаң боло, жыргалым


автор:

Кубаныч Сатаев


рейтинг: ★★★★★ / 5.6 / 1554 просмотра
Жанр:Эстрада

Обону: Алтымыш Кадыровдуку 

Жанымдан өтсөң жылмайып,
Жалт карайм мен да кылчайып.
Ичтеги сырды айта албай,
Жүрөсүң, айтчы, кимде айып?

Өзүңдү жакшы көрөмүн,
Өзгөчө сүйүп жүрөгүм.
Өрт болуп өмүр өтсө да,
Сүттөн ак сага тилегим.

Жүрөсүң айтчы,
Жүрөсүң айтчы,
Жүрөсүң, жаным, кимде айып?

Ойлонуу менен таң атат,
Ойлорум сени саматат.
Жыл өткөн сайын жылт этип,
Жаштыгым өтүп баратат.

Айттырбай билип сырларым,
Ардактап жаштык ырларын.
Алагды кылбай көп эле,
Аясаң боло, жыргалым.

Послушать/Cкачать эту песню
Mp3 320kbps на стороннем сайте
А как ты думаешь, о чем песня "Аясаң боло, жыргалым" ?
2010-2020 © WebKind.Ru Тексты песен