ГлавнаяИсполнителиОрдо СахнаСары ой
название:

Сары ой


автор:

Ордо Сахна


рейтинг: ★★★★★ / 5.4 / 1408 просмотров
Сары ойдун гана салкын ай тоосунан,
Сагызган гана учат эй зоосунан.
Санааңа гана алып ай издейсем,
Кантейин таба албай койдум ий……… ий……
ий…… ордудңан.

Көк ойдун гана көркөм ай тоосунан,
Көгүчкөн гана учат эй зоосунан.
Көңүлгө гана алып ай издейсем
Кантейин көрө албай койдум ий……… ий……
ий…… ордуңдан.

Салкындуу гана жергем ай Сары Ойго,
Сагызган гана кирип эй конбойбу.
Заарлантып гана мени ай койгончо,
Кантейин санаалаш болсоң ий……… ий……
ий…… ордуңдан.

Сары ойдун гана салкын ай тоосунан,
Сагызган гана учат эй зоосунан.
Санааңа гана алынбай издейсиң,
Кантейин таба албай койдум ий……… ий……
ий…… ордуңдан.

Послушать/Cкачать эту песню
Mp3 320kbps на стороннем сайте
А как ты думаешь, о чем песня "Сары ой" ?
2010-2020 © WebKind.Ru Тексты песен