ГлавнаяИсполнителиНеизвестенКат жазды бала атага
название:

Кат жазды бала атага


автор:

Неизвестен


рейтинг: ★★★★★ / 5.5 / 1494 просмотра
Кат жазды бала атага,
Башымды коюп катага.
Ооруңду жерден көтөрбөй,
Айына барып бир көрбөй.
Жүрөмүн жетпей батаңа.

Кайырма:
Ооруба ата ооруба,
Болоюн аса колуңа.
Караңгы жерден чалынба,
Болоюн чырак жолуңа.

Кат жазды бала атага,
Катыңды алдым садага.
Сыздатып ийдиң балаңды,
Айлымдан айтып саламды.
Зар болдум ата батаңа.

Кат жазды ата балага,
Айланып кетсем садага.
Жашытып ийдиң атаңды,
Мойнуңа алып катаңды.
Зар болуп менин батама.

Кайырма:
Ооруба ата ооруба,
Болоюн аса колуңа.
Атадан ыйык ат болбойт,
Энеден ыйык зат болбойт.
Кабар ал муну унутпа.

Послушать/Cкачать эту песню
Mp3 320kbps на стороннем сайте
А как ты думаешь, о чем песня "Кат жазды бала атага" ?
2010-2020 © WebKind.Ru Тексты песен