ГлавнаяИсполнителиГулжигит СатыбековЛейлектик кызга
название:

Лейлектик кызга


автор:

Гулжигит Сатыбеков


рейтинг: ★★★★★ / 5.3 / 1271 просмотр
Сөзү: Г.Сатибековдуку 
Обону: Г.Сатибековдуку 

Исфана, Исфана,
Араладым, издегеним сен гана,
Кара көзүм жолугамбы мен сага?
Жолугуп, жолугуп,
Жалгыз эмес, жеңең келди кошулуп,
А сен болсо сүйлөбөйсүң созулуп.

Кайырма:
Не кыласың Лейлекте?
Алып кетем Бишкекке!
Жүгөрүнү “мака” дейт,
Байке дебей “ава” дейт.
Сөздөрүңө байланамда карындашым, вай-ваай.
Сиз да мага жагас дейт,
Окуйсузбу намаз дейт.
Ананайын, ананайын, ананайын, ай-ай-ай.

Кой, жеңе! Кой, жеңе,
Кудалаштык, жакында сен той дебе,
Кайынсиңдиң шаштырбачы, бол дебе.
Буулугуп, буулугуп,
Коштошо албай колуң турду сунулуп,
Көз жашыңды көрсөтпөдүң бурулуп.

Кайырма:
Ыйманыңа береке,
Алып кетем Бишкекке!
Жүгөрүнү “мака” дейт,
Байке дебей “ава” дейт.
Сөздөрүңө байланамда карындашым, вай-ваай.
Сиз да мага жагас дейт,
Окуйсузбу намаз дейт.
Ананайын, ананайын, ананайын, ай-ай-ай.
БАТКЕНДИКТЕР ГҮЛЖИГИТКЕ НААРАЗЫ

Послушать/Cкачать эту песню
Mp3 320kbps на стороннем сайте
А как ты думаешь, о чем песня "Лейлектик кызга" ?
2010-2020 © WebKind.Ru Тексты песен