название:
автор:
Балама
автор:
Султан Садыралиев
рейтинг: ★★★★★ / 4.9 / 862 просмотра
- Текст
- Открытка с текстом
Кадам таштап алдыга, Өсө бергин, Ак мырза. Элиңди сүйгөн, жериңди сүйгөн, Элиңе болгун мырза. Уулу болгун кыргыздын, Жолун жолдо Чыңгыздын. Кагылайыным, ананайыным, Кенен болсун ырыскың. Кайырма: Балакайым, балам ай, Белек кылган Аллам ай. Буюрса, эр жетилип, Болгун бабаң Манастай. Бакта булбул сайраган, Бал тилиңден айланам. Сүйлөсө ширин наристе тили, Кылыгыңа канбагам. Сенден бүткөн бул аалам, Туягымсың улаган. Ардактап муну, атанын уулу, Болгонуңа кубанам.
А как ты думаешь, о чем песня "Балама" ?