ГлавнаяИсполнителиСайкалСени сагынам
название:

Сени сагынам


автор:

Сайкал


рейтинг: ★★★★★ / 5 / 1031 просмотр
Күндөрүм суудай агылат,
Күтөм сени жалгыздыкка багына.
Кусадар болдум сени деп,
Чакырчы сүйүү багына

Кайырма:
Сагынам сени, сагынтпа мени,
Күтөмүн жалгыз бир гана мен сени.
Сагынам дечи сен дагы мени,
Жүрөктү ая, жаным, көп эзбечи. 

Болсоңчу дайым жанымда,
Агылып кирсинчи жүрөк каныма,
Баары бир мендик болосуң,
Керемет сүйүү таңында.

Кайырма: 
Сагынам сени, сагынтпа мени,
Күтөмүн жалгыз бир гана мен сени.
Сагынам дечи сен дагы мени,
Жүрөктү ая, жаным, көп эзбечи. 

Сагынам сени, сагынтпа мени,
Күтөмүн жалгыз бир гана мен сени.
Сагынам дечи сен дагы мени,
Жүрөктү ая, жаным, көп эзбечи. 

Төгүлүп айдын нурундай, 
Сүйөмүн сени бул ааламда, жаным.
Жүрөктө каткан жан сырым,
Жол карап күтөм ар дайым. 

Кайырма:
Сагынам сени, сагынтпа мени,
Күтөмүн жалгыз бир гана мен сени.
Сагынам дечи сен дагы мени,
Жүрөктү ая, жаным, көп эзбечи.

Послушать/Cкачать эту песню
Mp3 320kbps на стороннем сайте
А как ты думаешь, о чем песня "Сени сагынам" ?
2010-2020 © WebKind.Ru Тексты песен